Бишкекте пакистандык жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте убактылуу жашаган 37 жаштагы Мухаммад К. аттуу Пакистандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал 2017-жылы Индиянын П.Н. аттуу жаранын Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайлардын бирине өткөрөм деп 5 миң 500 долларын алдоо жолу менен алып алганга шектелүүдө.
Факты боюнча Бишкектеги Свердлов РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда анын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш ишине тиешеси бар экени ыкчам тергөө тобу тарабынан иликтенип жатат.
Маалым болгондой, Мухаммад К. буга чейин да Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык, алдамчылык фактысы боюнча айыпталып, сот жообуна тартылган.
Ички иштер министрлиги эгерде сүрөттөгү адамдан жабыр тарткандар болсо, 0 (702) 03 03 07, 0 (312) 26 63 98 номурлары аркылуу байланышка чыгууну өтүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2018-08-19 15:16:01
Мм кулумсуроп турат го не кыла аласынар акча берип эртен эле чыгам да дегенсип.....
+3
patiydin
2018-08-19 20:43:12
Мага пххх ХХХ деп турат. Колунан келгенин кыл деп.
+1
urmat-77
2018-08-19 22:09:51
Билимдүү күчтүү уул кыздарыбыз чет өлкөгө иш издеп мигрант болуп жүрүшөт.Биздин бийлик эл өзүн өзү бакканына ыраазы болбой дагы кытайга окшогон чоң өлкөлөрдөн карыз алып бөлүп жеп олтурушат элдин мойнуна илип койуп.Анан ушуга окшогон аферист түгөнгөн чет өлкөлүк бо згундар толот да өлкөгө.Муну да дагы бирөө киргизген да акчасын алып.Колуңардан бок келбейт дегендей турат сүрөттө.Жакшылыгын айткансып мурда да кармалган деп койушат.Ошондо эле жок кылыш керек эле депорт кылып.Дагы бирөө акча жегенда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан