Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм бала эркек кишиге бычак сайып, ага карата "бейбашчылык" беренеси" менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Окуя 12-август күнү Бишкектеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон.
"17-18 жаштардагы өспүрүмдөр туура эмес жүрүм-турумда отурушкан. Ошол эле короодо сейилдеп отурган келинге келип уруш чыгарып, жолдошун сыртка чакырууну өтүнгөн. Келиндин жолдошу сыртка чыкканда аны ар кандай жаман сөздөрдү айтып коркутуп, анын колуна бычак сайган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып шектүү катары өспүрүмдү кармашкан. Кармалган бала 15 жашта болгону аныкталды", - деди басма сөз кызматкери.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады.
Ал эми Фейсбук социалдык баракчасына Никита Наабер деген ат менен колдонуучу 12-август күнү жогорудагыдай окуя катталганын жана анын колуна бычак сайганын жазып чыккан.