Бишкек шаарында унаа уурдаган селсаяк кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну К.А. үйүнүн жанынан Субару Легаси үлгүсүндөгү унааны белгисиз бирөө уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 32 жаштагы селсаяк С.А. кармалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.