27 жаштагы кыз жигити аны досуна зордуктатып, сабап, кайра үстүнөн милицияга арыз берип койгонун айтууда. Окуянын чоо-жайы

Чүй облусундагы Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну өзүнөн 10 жаш улуу жигитинин досу тарабынан зордукталып, сабалганын айтууда. Жабырланган кыз 20-августта SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, окуя 17-август күнү Чалдыбар айылында болгон.

"Мен Ысык-Көлдөн Кайыңды шаарындагы үйүмө келе жатканымда сүйлөшүп жүргөн жигитимдин И аттуу досу телефон чалып Чалдыбар айылына чакырды. "Бара албайм, телефонум өчкөнү жатат" дегениме карабай барууга мажбурлады. Жигитим үчүн бардым. Кеч кирип калганда "үйгө жеткирип койгула" десем, "биз мас болуп калдык, жеткире албайбыз" деп баш тартып коюшту. Андан кийин жигитимдин бөлмөсүнө кирип жатып алсам, ал мени чечиндирип коюп чыгып кетти. Анын артынан досу кирип келип буту-колумду кармап зордуктап салды. Таң атып калганда ал жер дан сактоочу кампа болгондуктан дарбазасынан чыга албай дубалдын тешигинен чыгып кеттим. Бирок кир жуучу машинага салып койгон кийимдеримди унутуп калып кайра кирсем, мени зордуктаган бала "документтер кайда?" деп мени жулкуп кирди. Кайсы документтер экенин түшүнгөн жокмун. Кечинде дагы менин артымдан бир кыз келген. Ал менин жигитиме келген кыз экен. "Документтериңди алып алды" деп ошол айтыптыр. Сумкамды текшертип албаганымды далилдегенге аракет кылдым. Кийин сыртка чыгарып эле жигитимдин унаасына отургузуп алып, тоо тарапка алып барды.

Жолдо баратканда улам-улам колу менен уруп жатты. Баргандан кийин "документтерди кайда каттың, айт?" деп туруп алды. Кайра алып барсаң документтерин таап бере турганымды айтсам, кайра унаага салып алып келатканда элди көрүп жардам сурап кыйкырдым. Жолдо эптеп унаадан түшүп калып аймактык милицияны чакырттым. Бирок унаада сумкам калып калгандыктан кайра жанагы үйгө барып, жигитимдин гитарасы менен телевизорун, досунун унаасынын терезесин талкалап салдым. Ошондон кийин алар менин үстүмдөн арыз жазып салышыптыр. Мен дагы алар сабаганын айтып, арыз жазып бердим. Учурда Панфилов айылындагы ооруканада жатам. Милиция кызматкерлери келип экспертизага баруу керектигин айтып жатышат, азыр барам", - деп айтып берди жабырлануучу кыз.

Облустук милиция жогорудагы окуя катталганын тастыктап, эки тараптан арыз келип түшкөнүн билдирди.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угууга даяр. Учурда алар менен байланышуу аракети көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
taalay25
2018-08-20 14:12:40
Мээн менен элдин баарын тупой ойлойсунбу сенин жомогуна ишенген
+3
anonymous
2018-08-20 14:12:44
Свинг деп видеого тартсаңар экспертизасыз далил деле болмок
0
binur5
2018-08-20 14:18:45
Зв кылганда барбай эле койсон сени уйунон судуроп чыкмак беле
+6
Shaa-82
2018-08-20 14:34:57
Дагы жакшы олтуруп салбаптыр. Ушуну гезитке жарыя кылып уят болбой тим эле койсон болмо экенда.
+9
zarlyk2211
2018-08-20 14:37:48
Элиме ыйман берсин.
+4
Jazdyn_tany
2018-08-20 14:48:31
Бул баягы Айгүл эмеспи. Видеосу бар "Айгуля из Каинда" деп издесеңер чыгат ))))
+1
Arlenchik
2018-08-20 17:06:54
Jazdyn_tany, эмне болгон видео эле
+1
Karakash
2018-08-22 16:28:28
Jazdyn_tany,
0
zhykyo
2018-08-20 15:00:14
Телефондон кок кит болуп чакырган го Айгулду
+5
Romantik.
2018-08-20 15:15:32
Күнөө өзүңдө турбайбы
+2
Jin1209
2018-08-20 15:15:51
Молодец жигити эки кызды чакырып бирин чечинтип досуна салып берип ээх Айгуля Айгуля
+2
monster_high_98
2018-08-20 15:23:31
Экоосу эки жактан актанышып эле жатып калыптыр го,эки тарапты тен турмого тыгыш керек!Пайдасы жокХХХХ!
+2
Farra16gsin
2018-08-20 17:07:22
Өзүң күнөөлүсүң эмне барасың ХХХ акча өндүрөйүн дегенсиңго намысың жокта
+1
AKCAHAT
2018-08-20 18:03:39
Озун кызын досуга салып бергени эмнеси? ХХХ да бул.
+1
Matahara1980
2018-08-20 20:47:06
Ыйман качты ыйман, кызынан да эркегиненда да, айбан эле болуп баратасынарго
+3
Rysik17
2018-08-21 09:30:46
Matahara1980,эн бир туура, толугу менен кошулам
+1
deva
2018-08-21 13:59:57
Айшакандын курбусу го... Мээң менен жерге кир
+1
280678
2018-08-22 14:55:45
Жигитин кийимдеринди жууп берейин деп чечинтип, кир машинага салып койуптурда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан