Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин чейрек финалына өттү.
Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, чейрек финалга аттанды. Жарым чейрек финалда Тыныбекова түндүк кореялык Жонг Сим Рим менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө түндүк кореялык балбан 2:6 эсеби менен алдыда келе жаткан, бирок Айсулуу Тыныбекова беттештин бүтүшүнө 2 мүнөт калганда эсепти 6:6 кылып, акыркы аракет жасаганы менен жеңишке ээ болду.
Эми Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда кытайлык Руи Хю менен кез келет.