Ош-Бишкек жолунда фура күйүп кетти. Өрт кырсыгына күбө болгон Медер Осмонкулов аттуу жарандын SUPER.KG'ге кабарлашынча, окуя 19-август күнү түшкө жуук Кара-Көл шаары менен Үч-Терек айылынын ортосунда болгон.
Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, фура Ноокен районунун И.Каратаев аттуу тургунуна таандык болгон.
"Каратаев аттуу айдоочу фурасына Ош облусу тараптан жез жүктөп кетип баратканда унаанын мотору жактан өрт чыгып кеткен. Натыйжада унаасынын үчтөн эки бөлүгү күйүп кеткен. Кырсыктан жаракат алгандар жок", - деди Сатыбалдиев.