"Мейли тагдыр мага башың ийбегин, мейли тагдыр камыр кылып ийлегин, бирок ата-эне, бир тууганыма тийбегин" деген ыр саптарын укпагандар Кыргыз өлкөсүндө жок чыгар. Кандай кыйынчылык күндөр болсо да сабырдуулук менен жеңип чыгууга үндөгөн Маматибрагим Бостонкуловдун "Тагдыр" аттуу ырын жаш ырчы Руслан Абылов кайрадан ырдап чыгып, клип тарттырган. Ырчы мырза баш каарман кылып өз апасын тартканын жана клип тартуу учурундагы кызыктар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Бул ыр апамдын эң жакшы көргөн чыгармаларынын бири болгондуктан ырдап чыгуу сунушун апам киргизген. Клип тартууга келгенде, эненин ролуна актриса издеп отурбай апамды тартканбыз. Бир туугандардын ролун досторум Бакыт жана Адилет аттуу "тамашоучу" балдар ойногон. Клип 2012-жылы Бишкек шаарында тартылган. Клип тартуу идеясы, сценарийи өзүмө таандык. Ырда айтылган ар бир сөзүнө басым жасап, ырды толугу менен ачып бергим келди. Клиптин сценарийинде апасы, бир тууганы ооруп кыйналышат эмеспи. Ошондон улам көп адамдарга "апасы ооруп, кыйын күндөр башына келгенде тарткан экен" деген ой келиши мүмкүн. Бирок, Кудайга шүгүр, апамдын ден соолугу жакшы, жөн гана сценарийге ылайыктап тартканбыз. Клип тартуу учурунда бир кадр мечиттин ичинен тартылышы керек эле. Мечитте эл намаз окуп отурганда камера менен кирип тартуу бир аз ыңгайсыздыкты жаратат экен. Баарынан кызыгы, актёр балдарды ыйла десең ыйлап, күл десең күлүп, намаз оку десең намаз да окуп беришет экен. Ал эми мен ыйлай албай кыйналгам. Көзүмдөн жаш чыкпай, пияздын ширесин көзүмө тамчылатышкан. Ошол пияздан улам кызарган көзүм менен клип акырына чейин тартылып бүткөн".
"Тагдыр" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.