Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылганын өзбекстандык ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазууда. Андагы маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 20-август күнү Ташкент-Бекабад жолунда болгон.
Өкмөт башчы кызматтык унаада баратканда каршылаш келаткан Дамас үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Абдулла Арипов жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ошондой эле анын жанында бараткан дагы бир адам катуу жаракат алганы, ал өкмөт башчынын орун басары Алишер Султанов экендиги айтылууда.
Ал эми кырсык тууралуу расмий маалымат жарыялана элек.