Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков Жайкы Азия оюндарынын чейрек финалына өттү.
Белгилүү болгондой, Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, түндүк кореялык Ри Су Йонг менен кез келди. 1-бөлүктүн жүрүшүндө түндүк кореялык балбан алгачкы болуп 2 упайга ээ болду. 2-бөлүктө Каныбек Жолчубеков беттештин соңуна 1 мүнөт 21 секунд калганда дароо 12 упай топтоп жеңишке ээ болду. Муну менен Жолчубеков мелдештин чейрек финалына өттү.