Бишкекте милиция кызматкери шектүүлөрдү кармоо учурунда бычактан жаракат алды

Бишкекте милиция кызматкери кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан 21-августта кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине Көк-Жар конушунун М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анын үйүнө бир канча күндөн бери белгисиз адамдар унаа менен байкоо жүргүзүп жатышканын айткан.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке барып, шектүү катары Өзбекстандын 28 жаштагы А.Б. аттуу жаранын кармашкан. Кармалган учурда анын жанынан тапанча жана бычак табылган. Андан кийин окуяга шектүү катары дагы Ысык-Ата районунун 26 жаштагы Н.К., 31 жаштагы Р.Б. жана 40 жаштагы К.М. аттуу тургундары кармалган. Аларды кармоо учурунда Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлеринин бири бычактан жаракат алган. Ал эми шектүүлөрдүн унаасынын ичинен кол кап, 3 ок, медициналык бет кап жана эки бычак табылган.

Жаракат алган милиция кызматкери ооруканага кайрылып, тийиштүү дарылануудан өткөн. Бул окуя боюнча Октбярь РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 168 (каракчылык) 341 (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) 241-беренелери (Ок атуучу куралдарды, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Бишкек ШИИББине шектүүлөрдүн биринин ата-энеси арыз менен кайрылып, анын баласына окуя учурунда милиция тарабынан карама-каршы мамиле жасалып, башынан жаракат алып ооруканада экенин жазган. Учурда ШИИББ кызматтык иликтөө жасап, тийиштүү экспертизаларды жасаган жана шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asman.81
2018-08-21 15:36:03
Озбекстандын жарандарын киргизбей чек араны жапкыла десе,чондордун мээсине кирбей атат.Уурусу да,наркоманы да,сойкулары да,динге жамынган террористери да каптап атат.Озу да таланып аткан Кыргызстандын келечегине балта чабылып.Кара сууда,Ошто айрыкча кобойду.Качан бийлик элине кам корот ?
+12
Rifle_I
2018-08-22 10:14:02
asman.81,эч качан кам көрбөйт. Эл өзү менен өзү болуш керек окшойт. Жээнбеков келип эми оңолобуз десек жаңылышкан окшойбуз.

Коррупционерлерди чекесинен камады. Жакшы кылды аларды камап, бирок жегенин да кустуруп коюш керек. Аябай кубандым. Көчмөндөр оюнуна курулган туалеттерди да текшериш керек.

Президент болгондон бери жакшы иш болдубу ?
Жөжөнү күзүндө санайт деп коет, күз да жакындады.
+2
asman.81
2018-08-22 13:14:07
Rifle_I,Ооба туура айтасын текшере турган иштер толуп атат.Жалгыз озу арабаны судурош кыйын,ошондуктан кыргызды улут катары сактап калуу учун камактагы С.Жапаровдой эл учун куйгон азаматтарды чыгарып,куугунтукта жургон жигиттерибизди алыпкелип кызматка коюш керек.Болбосо чек арабызды озбек менен тажиктер тытмалап,оз жарандарыбызды коргой албай атабыз.Карызыбыз чачтан кобойду.
0
Zamka79
2018-08-21 16:09:25
Качан согуш чыкканда
Ага чейин акчасына азгырылып министрден баштап киргизе берет
+3
Nurbollot
2018-08-21 17:17:05
Шылып эле койуптурго байкушту
+2
bond02
2018-08-21 18:00:37
Люди Хтеги неме окшойт темир тырмак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан