Ооганстанда террорчулар Кабул шаарын ракеталар менен аткылашты. Жергиликтүү маалымат булактардын жазганына караганда, чабуул бүгүн, 21-августта өлкө президенти Ашраф Гани элди Курман айт майрамы менен куттуктап жаткан убакта жасалды.
Маалым болгондой, бир нече ракета президенттик сарай менен өкмөттүк мекемелерге жана элчиликтер жайгашкан аймакка түшкөн. Ракеталар шаардын чет тарабындагы Идгах мечити жайгашкан аймактан учурулганы аныкталган. Жалпысынан өкмөттүк имараттар жайгашкан жайга 12 ракета учурулган.
Азырынча чабуулдан жапа чеккендер тууралуу маалымат тактала элек. Бирок чабуулду ишке ашырган террордук топтун эки мүчөсү жок кылынганын коопсуздук күчтөрү билдиришти. Учурда коопсуздук күчтөрү тарабынан чабуул жасалган аймак курчоого алынып, террорчуларды кармоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.