Чолпон-Ата шаарында 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-август күнү саат 11:30дар чамасында белгисиз адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге 3 куткаруучу жана 2 суучул барган. Саат 12:15те баланын жансыз денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Окуянын чоо-жайы такталууда.