Токмоктогу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, эки наристе каза болду

Токмоктогу үйлөрдүн биринен өрт чыгып эки наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 22-августта кабарлашты.

Маалым болгондой, 21-август күнү саат 10:08де Токмок шаарындагы Ибраимова көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Ошондой эле өрттөн 5 жаштагы Р. уулу Х. жана 3 жаштагы Р. уулу Н. аттуу эки наристе каза болгон. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zamka79
2018-08-22 11:10:02
Каап...
Окунучтуу
+3
kairan_ozum
2018-08-22 12:24:31
Кечээ отуп баратсам орт очуруучулор турган экен сурасам эки наристе каза болду дешти жандары жаннаттан болсун,курман айт куну каза болушту
+1
BoDiNur
2018-08-22 21:53:57
Ата энеси эки жаш баланы таштап каякта болду экен....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан