Бүгүн, 22-августта эстрада ырчысы Айя Садырова 36 жашка толду. Өзүнүн курагынан бир топ жаш көрүнгөн ажарлуу ырчы айымды туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү түнкү саат 12де башталганын, маанайы абдан жакшы экенин жана жакындарынын курчоосунда белгилеп жаткандыгын билдирди.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:
- "Биринчи дуэтибизди Талант (60`К тобу) сунуштаган. Андан кийин дагы чогуу ырдасакпы, ырдабасакпы деп көпкө ойлондум. Анткени экөөбүз тууралуу ушактар байма-бай айтыла баштады. “Үй-бүлөлүү адамдын турмушун бузуп жатат” деп мага асылгандар да болду. Ошентип биринчи дуэттен кийин өз-өзүнчө эле ырдамай болдук. Мен “Келчи, гүлүм” деген ырды тандап алып, аранжировка жасата баштадым. Апам ырды угуп көрүп, “Бул ыр дуэт болсо сонун жарашмак, Талант экөөңөрдүн үнүңөргө төп келчү ыр экен. Бир дуэт менен токтоп калган туура эмес. Силер дагы ырдашыңар керек” деп калды. Ал учурда Талант да мени менен ырдагысы келбей, элдин ушагынан тайсалдап жаткан. Анан “апа, бул ырды Талант экөөбүздү ырдасын десеңиз, сиз дагы айтып көрүңүзчү” дедим. Апам айтканда Талант да көңүлдөндү. Ошентип 2-дуэтибиз жаралды. Ыр экөөбүзгө тең жакты, азыр ал ырлардын күйөрмандары көп".

- "Учурда ырчылык мен үчүн жөн гана хобби. Мурун убактымдын басымдуу бөлүгүн ырга арнап, өтө олуттуу карачу элем. Азыр менде көп нерсе өзгөрдү. Эми чыгармачылыкка караганда уулум, жакындарым менен өткөргөн убакыт мен үчүн баалуу. Мурдагыдай тытынбай, эркин график менен иштеп калдым. Андыктан ырдоо экинчи планга жылып кетти. Менин кесибим - энелик милдетти татыктуу аткаруу".
- "Менин жашоомдо биринчи орунду чыгармачылыкка арнайм деген ой таптакыр жок болчу. Үй-бүлөнү ар дайым биринчи орунга коюп келген аялзатымын. Ал эми жолдошум менен ажырашуума башка себептер түрткү болду. Азыр ал чет өлкөгө кеткендиктен жолукпайбыз деле. Мен артка кайрылганды жаман көрөм. Жашоо ошондой болсо мен эмне кыла алмак элем? Ал эч нерсеге карабай алдыга жыла берет".
Айя Садырова 1982-жылы 22-августта Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Кичинекей кезинде Казакстандын Жамбыл шаарындагы музыкалык мектепте окуп скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөнгөн. 6-классында алгачкы ырын жазып, гитара менен ырдап чыккан. 2004-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин эл аралык байланыш факультетине тапшырган. Шоу-бизнес дүйнөсүнө 2000-жылы "Малыш" аттуу ыры менен аралаша баштаган. Ал актриса катары "Байланыш" аттуу кыргыз тасмасында башкы ролду ойногон. 2006-жылы ырчынын "Сүйүү жалыны" деген аталыштагы романы жарык көргөн.
Ырчы учурда уулун жалгыз тарбиялап келүүдө. Бул тууралуу ырчы: "Уулум сентябрда 3-класстын босогосун аттайт. Ал менин коргоочум, баатырым, жашоомдун маңызы. Уулумдун бар экенине сүйүнөм. Азыр чоң кишидей болуп, мага кеңешин берип калды. Кайсы көйнөк мага жарашат же жарашпайт, кайсы жигит менен сүйлөшөм, ким менен сүйлөшпөйм, кадимкидей оюн айтат. Уулумдун ырчы болушуна таптакыр каршымын. Эгер ырдайм деп көгөрүп туруп алса анда айла жок. Эгер клипмейкер, режиссёр болом десе каршы эмесмин. Бирок мен анын олуттуу кесипти тандаарына ишенем. Атасы менен сүйлөшүп турат, бирок аз көрүшөт. Анткени ал киши чет өлкөдө. Мен ата-баланын сүйлөшүүсүнө эч качан жолтоо болбойм. Ар бир балага ата керек", - деп билдирген.
22-августка карата жылнаама.