Орусияда мектеп курагындагы Кыргыз жараны баңгизат сатканы үчүн 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечим 21-августта Орусиянын Орлов облустук соту тарабынан кабыл алынганын РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, мектеп курагындагы Кыргыз жараны 2018-жылдын февраль айында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 8 грамм баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда аталган облустагы Завод районунун полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Жашы жете элек өспүрүм кыз соттун чечимине ылайык, өзүнүн жаза мөөнөтүн түзөтүү абак жайында аткарат.