Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында таэквондо боюнча мелдеш уланууда. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Акбар Айтахунов катышып жатат.
Акбар Айтахунов 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда катардык Али Алараими менен кез келген. Беттештин жүрүшүндө Айтахунов 1-бөлүктү 6:8 эсеби менен утулуп, 2-бөлүктү 5:4 эсеби менен утуп алган. 3-бөлүктө Айтахунов 8:7 эсеби менен жеңишке жетип, жалпы эсепти 19:19 кылган. Муну менен спортчулар жеңүүчүнү 4-бөлүктө аныктамай болушту. Анда Акбар Айтахунов 3 упайга ээ болуп, жалпы эсепти 22:19 кылып жеңишке жетти.
Муну менен Кыргыз спортчусу Акбар Айтахунов чейрек финалга өтүп, анда казакстандык Нурлан Мурзабаев менен кездешет.