"Махабат, махабат, күтөмүн махабат..." деп сүйүүсүн издеген эстрада ырчысы Адилет Азимов социалдык тармактагы жеке баракчасына бийкеч менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Ырчынын күйөрмандары "сүйүктүүсүн тааптыр, бактылуу болгула" деген пикирлерин калтырган. Ырасында эле Адилет Азимов сүйүктүүсүн таптыбы деген суроого ырчынын продюсери Зарина Кыдыралиева жооп берди.
"Сүрөт "Барам, барам" деген чыгармага клип тарттыруу учурунда тартылган. Клиптин башкы каарманы 20 жаштагы Бегимай аттуу модель кыз. Негизи клип тарттыруу үчүн кастинг жарыялаганбыз. Бирок Адилет Бегимайды сунуштап калды. Аткаруу чеберчилигин жактырып, тандап алдык. Учурда клип тарттыруу иштери уланууда. Буга чейин Бегимай менен Адилеттин ортосунда мамиле болгон эмес. Балким, ушул иштешүүдөн кийин экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып калаттыр (күлүп)", - дейт Кыдыралиева.
Азимов репертуарындагы "Сүйүү күчү", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова менен аткарган "Болсочу", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен аткарган "Тоо булагым" жана башка чыгармалары менен таанымал.