Социалдык тармактарда кызды унаасы менен сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочунун видеосу жарыяланды.
Видеодо окуянын күбөсү, жол кырсыгы 18-август күнү Аламүдүн-1 кичи районундагы эс алуучу жайлардын биринде болгонун айткан. Анда Honda Odyssey жеңил унаасынын айдоочусу кызды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Күбө айдоочунун артынан кубалап жетип барып, анын эмнеге качып баратканын сураганда, айдоочу катуу коркуп кеткенинен улам качканын видеодон көрүүгө болот.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жогорудагы айдоочу жана анын унаасы изделип жатканын айтты.