Ат-Башыда айылдашын мушташып жатып өлтүрүп алганга шектүү адам кармалды. Ал жансыз денени ооруканага өзү жеткирген

Нарын облусунун Ат-Башы районунун 34 жаштагы тургуну айылдашынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкери Медина Султангазиева билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-август күнү түнкү саат 23:35 чамасында Ат-Башы РИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн нөөмөттүк дарыгерлери белгисиз адамдын жансыз денеси алынып келгендиги тууралуу маалыматты билдирген.

"Ат-Башы РИИБинин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон адамдын аты-жөнүн аныкташкан. Ал Ат-Башы районунун 35 жаштагы К.М. аттуу тургуну болгон. Анын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери байкалган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган райондун 34 жаштагы Э.М. аттуу тургуну шектүү катары кармалган. Ал каза болгон жаран менен шектүүнүн ортосунда чыккан уруш мушташка жеткенин, анын кесепетинен жаран каза болуп калганын билдирген. Ошондой эле кылмышка шектүү маркумду аймактык ооруканага өзү алып келген", - деди Султангазиева.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Учурда тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан