Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына агып кеткен 24 жаштагы жарандын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.
Буга чейин Быстроток каналына түшүп кеткен жигит изделип жатканы маалымдалган. Ал 15-август күнү аталган каналга түшүп кетип, чыга албай калган. Бир апта бою издөө иштери жүргүзүлүп, бүгүн саат 15:30да Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылган. Тактоо иштерин жүрүшүндө ал изделип жаткан 24 жаштагы Ш.уулу.К. экендиги аныкталган.
Издөө иштерине жалпысынан 20 куткаруучу тартылган.