Майлуу-Суудагы жоокер токко урунган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө катардагы жоокер Руслан Сапарбаевдин токко урунгандыгына байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, аталган аскердик бөлүктүн башка да аскер кызматкерине эскертүү берилген.

"Бул окуяга байланыштуу 20-августта Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшембиев аталган аскердик бөлүккө барган. Ал жоокерлердин турмуш-тиричилиги жана жашоосу менен таанышып чыккан. Токко урунган жоокердин окуясына байланыштуу аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынып, бул окуянын келип чыгышына тиешелүү башка адамдарга эскертүү берилген. Ал эми жаракат алган жоокер учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда”, - деди маалымат катчы.

Буга чейин Башкы штаб бул окуяга байланыштуу түшүндүрмө берип, жоокер тыюу салынган белгилерге карабай электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко тартылганын кабарлаган.

Жоокердин жеңеси Венера Өмүралиева 21-августта кайрылып, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылганын айткан. Ошондой эле жоокер кыйынчылыкта жашаган жалгыз бой эненин жалгыз уулу экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-08-22 21:07:31
Кийин элдин эсинен чыгып кеткен сон кайра эле иш ордуна кайтарып алышат да,булардыкы белгилуу !
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан