Бүгүн, 23-августта Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбар айылындагы мечиттен чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, каза болгондордун ким экени аныкталды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылындагы мечиттен чыккан өрт саат 09:28де толук өчүрүлгөн. Ал эми өрттүн кесепетинен 2 адам каза болуп, алардын аты-жөнү аныкталды. Алар 1982-жылы туулган О.Г. аттуу аял киши жана 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала болгон. Каза болгон жарандардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
23-августта Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, 2 адам каза болгон.