Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өрт бүгүн, 23-август күнү саат 12:20 чамаларында чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт Новопавловка айылынын Ворошилов жана Киров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 12:20да Ленин райондук өрт өчүрүү кызматы жөнөп кеткен. Кошумча маалыматтар берилет.