Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда 57 жаштагы киши жубайы экөө унаадан чыккан иске ууланып каза болушту. Ал эми 12 жаштагы уулу Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 17-августтан 18-августка караган түнү болгон.
Жубайлар "Тойота Сурф" үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур участкасынан Солтон-Сары жайлоосуна бара жатышкан. Унааны 57 жаштагы А.К. аттуу айдоочу айдап бараткан. Унаа ичинде анын 1977-жылы туулган М.А. аттуу жубайы жана 2006-жылы туулган К.у.Д. аттуу уулу да болгон.
Ал эми каза болгон жарандардын айылдашы окуя тууралуу SUPER.KG'ге: "Алар Кара-Кужур айылындагы үйүнөн чыгып Солтон-Сары жайлоосуна бара жатышкан. Себеби өздөрү аталган жайлоодо мал багышчу. Ошол күнү жамгыр жааганына байланыштуу унаа жолдогу баткакка тыгылып калган. Кеч кирип кеткендиктен алар жолду эртең менен улоону чечишкен. Ал эми унаа газ менен жүрчү. Айдоочу унаанын ичин жылытуу максатында от алдырып коюп уктап калган. Унаа ичинде ис чыгып, алар ууланып каза болушкан. Учурда баласы жандандыруу бөлүмдө дарыланууда", - деп айтып берди.
Бул окуя боюнча Нарын РИИБи тарабынан териштирүү иштери башталды.