"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Өзбекстанда күйөөсү аялын Курман айт күнү бычактады" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Маалыматка ылайык, видео Өзбекстандын Янгиюль шаарында 21-август күнү тартылган. Аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы тараткан маалыматка таянсак, малчы болуп эмгектенген киши өзүнүн аялын ашкана бычагы менен 3 жолу сайып салган. Аял окуя болгон жерде көз жумган.
Аталган үй-бүлө шаарга иштөө үчүн келип батирде жашап турушкан. Алардын 5 жана 3 жаштагы баласы бар экендиги кабарланды.
Азыркы тапта кылмышкер камакка алынып, эмне себептен аялын өлтүргөнү такталууда.