Ноокатта айылдык кеңештин депутаты менен жер адиси 50 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү (видео)

Ноокатта айылдык кеңештин депутаты менен жер адиси 50 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу 24-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (финансы полициясы) кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, М.К. аттуу жаран аталган кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө арыз менен кайрылып, Он-Эки-Бел айылынын жер маселелери боюнча адистери жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренесинде (алдамчылык) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен жер боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин С.О. аттуу депутаты кармалган.

Азыркы убакта иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Айылдык кеңештин депутаты пара менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Banzai2018
2018-08-24 12:29:53
Качан коркуп токтоп калат экен жегичтер
0
Jasa
2018-08-24 12:51:16
Азамат Ноокаттын атын чыгарган……
+1
TalaCSKA
2018-08-24 13:02:24
Негизи кармалганы анча деле кызык эмес , кандай жаза алганы кызык! бизде кармалды колго тушту ж.б.у.с нерселерди угабыз да дальше не болгонун билбей калабыз.кийиин анча мынчасын угуп же коруп калабыз эн оор жазасы жумуштан айдалган.эмесе согуш жарыялап же башка жака которуп жиберген болот.мындай кетиш менен эч качан коррупциядан кутулбайбыз!!!
+1
almanbetperm
2018-08-24 13:13:40
50 миллиондогон акчалар жегендерчи???????
0
shumkar.kg
2018-08-24 16:41:34
Ээми кармаштыбы,Ноокаттын жер адистери баардык элэ айыл өкмөттөрүндө ошондой иштерди кылышат,даже туугандарына 3,4 штук жер тилкелерин подарка кылып салышканго))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан