Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чырдан улам уулу чала жан болгончо сабап, ооруканада каза болгон жарандын бир тууганы: "Сот байкемдин өлүмү боюнча ишти бир тараптуу карап жатат"

Ысык-Көл облусунун Түп районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 24 жаштагы уулу тарабынан чала жан болгончо сабалып, каза болгон 49 жаштагы Майрамбек Талдыбаевдин бир тууган карындашы Салима Талдыбаева SUPER.KG порталына соттук иштер бир тараптуу болуп жатканын айтат.

Анын айтымында, агасынын өлүмү үй маселесинен чыккан чыр-чатактан улам болгон.

"Чырдын баары агамдын уулу чоң ата, чоң апасына тийиштүү үйдү өзүнө каттатам дегенден башталган. Ал үйдө агам жана эжем жашайт. Экөөнүн тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок агамдын өлүмүнө шектелген баласы ошол үйдө өзү жашагысы келип, жашап жаткан атасынын бир туугандары ал үйдү бошотуусун айтып, ага атасын күнөөлөй берген", - деди ал.

Салима Талдыбаева билдиргендей, каза болуп калган агасынын эки эркек уулу бар. Алардын бири учурда аскерде кызмат өтөп жатат.

"Агам кошунанын куруп жаткан үйүнүн пайдубалына жардам берип келип, жеңебизден тамак сураптыр. "Сен эмнеге бирөөнүн жумушун кылып келип, үйдөн тамак сурайсың?" деп эшиктен баласы кирип, ичке тээп сабаптыр. Агам жардам берип жаткан коңшусу жакын болгондуктан аны жандалбастап чакырыптыр. Алар келип агамдын абалын көрүп, ооруканага алып баралы дешсе унаа таппай ал күнү агам өзүнүн ата-энеси жашаган үйгө барып түнөйт. Ал жакка ошол түнү жатып, эртеси түштөн кийин ооруканага барып, операция болду. Андан соң эки-үч күнгө жетпей кан кузуп жатып, каза болуп калды. Ал эми жубайы экөө январь айынан бери ажырашып жүрүшкөн. Төрт жолу сот болуп, агамдын көзү өтүп кеткендигине байланыштуу ал дагы токтоду.

Агамдын өлүмүнө шектелип, кармалган баласына кылмыш иши козголуп, иш тергелип 12-июлда сот башталды. Биринчи отурумда эле сот бир тараптуу өңүттө карап жатты. Андан бери сот жылып отуруп 5 жолу гана соттук отурум болду. Ушундай процесстердин биринде өзүн сотто Жогорку Кеңештин кызматкеримин деп тааныштырган Мээрим аттуу аял пайда болду. Ал мага коркутуу сыяктуу сөздөрдү айтып, арызымды алууну талап кылып, мага 3 миң доллар акча сунуштады. Мен макул болгон жокмун. Ал ушундай сунуштар менен сотторго кайрылып жаткандыктан райондук сот бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү чечим чыгара албай жатат. Менин агамды сотто аракты көп ичкен үй-бүлөсүнө жардамы жок жаран деп айтышууда. Менин агам арак иччү эмес. Анын кылган тиричилигинен эле анын андай адам эмес экендигин айтса болот", - дейт Талдыбаева.

Талдыбаеванын айтымында, өз атасын сабап өлтүрүп алган иним сотто жана тергөөдө ар кандай көрсөтмөлөрдү берүүдө. "Ал ошондой эле соттон утуп эркиндикке чыга турганын айтып, атасынын туугандарынан кечирим суроонун ордуна кайра оозго алгыс сөздөрдү айтууда", - деди маркумдун карындашы Салима.

Ысык-Көл ОИИБинен Түптө 24 жаштагы адам үй-бүлөлүк чырдан улам атасын чала жан болгончо сабап, атасы оор абалда ооруканага түшкөндүгү кабарлашкан. Андан соң ооруканада оор абалда жаткан 49 жаштагы Т.М. аттуу адам каза болгон. Буга байланыштуу 104-берене (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, 24 жаштагы Н.А. аттуу уулу камакка алынган.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын да ой-пикирин угууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kosmos2013
2018-08-25 16:05:11
Акмакко баласы
+10
Meni_unut
2018-08-25 16:31:27
Атасы корунушунон жакшы кишиге окшоп турат го.ХХХХ экен баласы,арак ичсе дагы ал сенин атан болчу
+16
Jelezo
2018-08-25 16:35:35
Балаңан тап, көпкө узабайсын атаңы өлтүргөн болсоң түрмөдө жазаңды жакшылап беришсе экен.
+12
bek_tash
2018-08-25 16:38:20
Ата энең ичмек турсун, жыланга айланып калсада идишке салып багыш керек. ХХХХ экенсин! Эртең эле өзүңда ата болосуң. Баары кайтат.
+13
Esenali
2018-08-25 16:45:25
атасын олтургон алты айдан ашпайт деп илгертеден калган соз бар
+11
patiydin
2018-08-25 16:46:28
Акмак болсода ата-энени орду башка. Аларды сыйлабаган эшек, ИТ, айбан Башканы сыйлабайт. Мындайларга бул дуйнодо орун жок.
+8
Merelisha
2018-08-25 17:18:54
Мыкаачы!!!
+6
asash
2018-08-25 17:47:31
Ыраматылык атан сага каргыш айтпаса эле, атан каргыш айткан болсо, атылган октой тиет го, коросун баарын
+7
Kuba81
2018-08-25 18:58:57
жазаанды жаратканым берсин
+4
ice87
2018-08-25 19:48:39
Албетте окунучтуу!Ата-энеге кол которбоо керек! Урушуп,талашып журушсо мурдатан ата-энеси,балага тарбия берген эмес.Апасы атасын жамандайт,атасы апасын жамандайт.Бала уйдон тажаган,сабыры дагы тугогон!Чондор кунолуу!
+3
mirkaa5182
2018-08-25 19:50:32
Эртең эле балаңан көрөсүн,ХХХХ
+2
talant87
2018-08-25 21:11:10
Балам балалуу болгондо коросун.бекеринен айтылган эмес сенинда Балан чала Жан кылып урса экен.ошондо билмексин
+1
Snejana
2018-08-25 21:28:21
Окунучтуу!
+1
audi80
2018-08-26 14:45:03
Кимдир бироо атага зар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан