Бүгүн, 24-август күнү "Тез жардам" унаасы кош бойлуу келинди Каракол шаарынан Бишкекке алып бара жатып жеңил машина менен кагыша кеткени кабарланган. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кырсык Чолпон-Ата шаарына жакын жерде болгонун тастыктап, андан 5 адам жаракат алганын кабарлады.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Бактуу Долоноту айылынын тургуну Тойота-Превия үлгүсүндөгү унаасы менен бейтапты салып бараткан "Тез жардам" унаасынын артынан келип сүзүп кеткен.
"Натыйжада "Тез жардам" унаасы жолдон чыгып кетип, ичинде жалпы 4 адам жаракат алган. Ошондой эле Тойота-Превия унаасынын айдоочусу өзү да жаракат алып, баары Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канчалык оор экени бизге белгисиз", - деди Усубакунов.