Бүгүн, 25-августта Ош шаарындагы "Мега-Пресс" ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган министрликке өрт чыкканы боюнча маалымат саат 6:38де түшкөн. "Ишкананын аймагында ачык аянтта пластик түтүкчөлөрдөн чыккан өрт саат 10:16да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок", - деп жазылат маалыматта.