Кыргыз жерине 7 тоннадан ашык улпакты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган Тажикстандын эки жараны кармалды. Чек ара кызматынан карабарлашкандай, 26-август күнү чек арачылар Баткен районундагы Тажикстан менен чектешкен Үч-Дөбө аймагынан аткезчилик жол менен жүк алып келаткан Тажикстандын эки жаранын кармашкан.
Чек арачылар алардын Ниссан Дизель үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 7 тонна 600 килограмм буудайдын улпагын табышкан. Бирок алардын жанында жүктү алып өтүү үчүн тийиштүү документтери болгон эмес. Ошондой эле алардын биринин да өздүгүн тастыктоочу документи жок болуп чыккан.
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөндүгү үчүн айып пул салынып, андан соң кармалгандар жүгү менен кошо тийиштүү кызматка өткөрүлүп берилген.