Ош облусунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү болгон 18-20 жаштардагы 3 кыз кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди. Кармалган кыздардын үйүн тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада тыюу салынган диний адабияттар, компакт-дисктер жана халифат курууга үгүттөгөн баракчалар табылган. Алар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалышты. Ал эми материалдар атайын экспертизага жиберилди.