Ошто 6 жаштагы бала өз үйүнүн короосунда токко урунуп каза болду

Ош облусунда 6 жаштагы бала ток уруп каза болду. Мындай маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 26-август күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылында катталган.
"6 жаштагы Ж.А. өзүнүн үйүнүн короосунда ойноп жатып кокустан электр зымын кармап алган. Аны ошол замат ооруканага алып барышкан. Бирок медициналык текшерүүдө ал жолдо эле каза болуп калганы аныкталган. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барып, кароо жүргүзүшкөн. Ошондой эле өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге дооматы жок экендигин жана уулунун жансыз денесин медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан", - деп билдиришти облустук милициядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaziko80
2018-08-27 17:11:52
Кудай сактасын байкуш бала. Кудай курулай дооматтан, Бей ажал олумдон сактасын. Айтылбай келген кырсыктан сактасын. Бала периште боюнча кетиптир да ии ширин. Ата энесине сабыр. Эркектин шалакылыгы. Жаш бала бар уйдон токтун зымын жашырып коет да.
+3
Nur777
2018-08-27 17:44:13
Байкуш бала((((Жаны бейиште болсун.
Ата-энелер коопсуздук чарасын коруш керек да уйдо да сыртта да.
+2
Rifle_I
2018-08-27 18:19:29
Менин балам отвертканы розеткага сайып ойноп жаткан жеринен байкап калдым. Кудай сактасын балдарыбызды.
+1
Missing-u
2018-08-27 18:28:24
Rifle_I,опасный,ошон учун азыркыдай евро ремонт деп включательдерди ылдыйга койбой мурункудай ойдого бала колу жетпегидей эле коюш керек болуп калды
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан