Орусияда Кыргыз жарандары бараткан кичи автобус кырсыкка кабылып, 8 адам жаракат алды. Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык 27-августка караган түнү болгон. Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус Москва шаарынан Санкт-Петербургга бараткан. Жаракат алгандар дароо Тосненск деп аталган ооруканага жеткирилген.
Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, жаракат алгандардын 5и үйүнө чыгарылып, калганы алган жаракатынан улам ооруканада дарыланып жатат.