Бишкекке жакын жерде эл ташыган маршруттук такси менен жеңил машина сүзүштү. Жабыркагандар бар

Бишкекке жакын жерде эл ташыган маршруттук такси менен Рено Логан үлгүсүндөгү машина сүзүштү. Кырсык 27-август күнү эртең мененки саат 8:30да айланма жолдо болгонун SUPER.KG'ге Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулу кабарлады. Анын айтымында, жабыркагандар бар.

"Маршруттук такси Дордойду, жеңил машина Ысык-Көл тарапка баратып бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан жаракат алгандар болгон. Бирок алар ошол замат башка унаалар аркылуу ооруканаларга кетип калгандыктан канча адам жабыркаганын биле алган жокпуз", - деди Мирсадык уулу.

Ага тескөөчү жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, кайсы тараптын күнөөлүү экендиги териштирилип жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан