Японияда 2 күн бою достукту даңазалаган Кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

2-3-сентябрь күндөрү Токиодо Кыргыз киносунун күнү өтөт. Бул тууралуу продюсер Арстанбек Саргалдаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Япониянын Токио шаарында эки элдин достугун даңазалаган "600 күндүк ишеним" тарыхый тасмасы жана кыргыз кинематографиясындагы тасмалар көрсөтүлөт. Бул тасманы тартууну демилгелеп чыкканда эки мамлекеттин элчилиги чоң жардам көрсөттү. Аталган тасманы тартуу иштери болгон окуянын негизинде 2015-жылы тартылып баштаган. Анда Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1946-1948-жылдары Кыргыз ССРинде "Тамга" санаториясы курулат. Курулуш иштерин япониялык туткундагы аскерлер тартылып, алар 600 күн Кыргыз жергесинде болушкан. Курулуш иштери аяктагандан кийин аскерлер мекенине аман-соо кайтат. Ошол окуянын каармандары Мияно сан жана Мацуда сан Кыргыз өлкөсүндө болгон 600 күндү ишенимдин, меймандостуктун күнү болгон деп эскеришкен. Тасма тартылып жаткан учурда каармандар 90 жашта болгон. Тарыхый тасма анимация катары тартылган", - дейт Саргалдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2018-08-28 14:06:52
Биздин улутубузду атап"ужас"жанрындагы кино тартышты эле Япон режиссерлору.Ал жагы кандай болот эми...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан