Чүйдө "Кант" авиабазасынын аскер кызматкери эне-баланы сүзүп, окуя болгон жерден аял каза болду

Кант шаарынын Лебединовка айылында жол кырсыгы катталып, кырсыктын кесепетинен 42 жаштагы аял каза болуп, 3 жаштагы баласы ооруканада жатат. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн бүгүн, 28-августта билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-августта саат 12:30 чамасында болгон. Унааны орусиялык "Кант" авиабазасынын аскер кызматкери башкарып бара жаткан.

"42 жаштагы аял 3 жаштагы баласы менен жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп жатканда аны Hundai Tucson үлгүсүндөгү жеңил унаа келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен аял окуя болгон жерден каза болуп, ал эми 3 жаштагы наристе балдар ооруканасына жеткирилген. Унаанын айдоочусу "Кант" авиабазасында иштеген капитан деп айтышууда. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aerforce
2018-08-28 12:51:41
Жаман иш болуптур бейишин берсин
+1
CEO1
2018-08-28 12:51:57
Жазасын алсын эл катары. Буга чейин америкалык аскерлер, орус дипломаттары адам сузуп олтуруп, жазаланбай калган окуялар толтура болгон. Жазалансын ким болсо да...
+3
grace
2018-08-28 13:47:12
Жазасын алсын ХХХ. Биздин Чынгызды эч ким өлбөсө деле 4 айга камап чыгарбай жатышат. Камаш керек.
+2
tular
2018-08-28 13:54:14
Аял куноолу!!!
-4
tular
2018-08-28 13:56:17
tular, Бул созду мен айткан жокмун!!! Бул созду ошол орус айдоочудан рубль алган укук коргоо органдары айтышат!!!
-3
Kymbatym
2018-08-28 14:11:14
уурусу күчтү болсо ээси доого жыгылат демекчи 100%ишенип айта алам эми биздин укук коргоо органдары каза болгон аялды өзүн күнөөкөр кылып коюшат жолдон басып өтпөш керек болчу кантип өтөт учуп өтөбү?ишибиз жок капитандын машынасынын алдынан чыкпаш керек эле дешет биздин укук коргоо органдары баары сатылган буларды кирдеп кеткен жуулбаган байпака теңейм Аллахым медик милиция укук коргоочулардан ушулардан өзүң сакта
+1
bond02
2018-08-28 14:35:11
Иш создуктурулуп барып унутулуп кетет да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан