Ат спорту боюнча Дүйнө Кубогунун 2-этабына кыргызстандык спортчулар катышат
2-5-июль күндөрү ат спорту боюнча Казакстанда Дүйнө
Кубогунун 2-этабына, Казакстандын президентинин Кубогуна жана Борбордук Азия
чемпиондугуна Кыргызстандын атынан 3 спортчу катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене
тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Астана шаарында өтө
турган бул мелдештерге спорт чеберлери Ринат Галимов, Валентина Дуболазова жана
Азим Керималиев бармакчы.