Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 60 жаштагы аял каза болуп, анын эки небереси жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-август күнү кечки саат 20:20 чамасында катталган.
"Ат-Башы айылынын 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан аялды жана анын эки небересин сүзүп алган. Натыйжада кырсык болгон жерден 60 жаштагы Б.С. аттуу аял каза болуп, анын жанындагы 7 жаштагы небереси Н.А.нын буту сынса, 8 айлык А.Н. аттуу наристе жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда Ат-Башы РИИБи тарабынан тергөө иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз катчы.