Кырчында кыргыз акындары менен айтыша турган казак акындарынын аттары белгилүү болду (тизме)

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган XII эл аралык "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагында кыргыз акындары менен айтышка чыга турган казак төкмөлөрүнүн аттары белгилүү болду. Бул тууралуу республикалык "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

"4-5-сентябрда өтө турган айтышка Казактын кайсы акындары келери белгилүү болду. Айтыш башталганда алгач чүчү кулак тартылып акындар бир кыргыз, бир казак акыны болуп жуптарга бөлүнөт. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Жеңүүчү калыстар тобу тарабынан аныкталат", - дейт Маратов.

Буга чейин 15-августта Кырчын жайлоосунда айтышка чыга турган кыргыз акындарын тандап алуу туру өтүп, анда 8 акын иргелип чыккан.

Казак акындарынын тизмеси:

1. Айбек Калиев
2. Аспанбек Шыгатаев
3. Биржан Байтуов
4. Бөрүбай Орозумбетов
5. Максат Аканов
6. Кажымухан Абзалов
7. Жаркынбек Наушабеков
8. Нурлан Эсенкулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dalil
2018-08-29 15:47:13
Айбек Калиев аты да фамилиясы да дал келет экен.
+1
Farra16gsin
2018-08-29 16:32:35
Айбек Калиев түрмөдө эмеспи?
+1
tolkun9090
2018-08-30 12:15:50
Балгынбек акын келбейби.супер инфо ушуну билип маалымат берсениздер жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан