24-август күнү "Тез жардам" унаасы кош бойлуу келинди Каракол шаарынан Бишкекке алып бара жатып жеңил машина менен сүзүшүп, андан 5 адам жаракат алган. Учурда жабыркаган жарандардын ичинен келиндин абалы оор болуп жатканын SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова кабарлады. Анын айтымында, келин учурда Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми курсактагы баласы ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн чарчап калганын кошумчалады.
"Кырсыктан жалпы 5 адам жабыркаса, бирөөсү Каракол шаарындагы ооруканага которулуп, бирөө үйүнө чыгарылган. Учурда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада 3 адам жатат. Алардын ичинен келиндин абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми курсактагы баласы ай-күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн чарчап калган", - деди Баялинова.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун маалыматына ылайык, кырсык Чолпон-Ата шаарына жакын жерде болгон. Анда "Тез жардам" унаасы кош бойлуу келинди Бишкекке алып баратканда Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Тойота-Превия үлгүсүндөгү унаасы менен артынан келип сүзгөн. Жыйынтыгында кырсыктан 5 адам жабыркаган.