Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалына аттанган командалар белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынан билдирди.
Аталган мелдешке жалпы 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыгында жарым финалга "Толкун", "Шыралжын", "Сары-Өзөн Рассвет" жана "Бакубат-Талас" командалары өткөн.
Жарым финалда "Толкун" менен "Шыралжын" жана "Бакубат-Талас" менен "Сары-Өзөн Рассвет" командалары күч сынашты.
"Толкун"-"Шыралжын" беттеши 3:1 эсеби менен жыйынтыкталып, беттештин жүрүшүндө ысык-көлдүк "Толкун" командасынын 2 улакты Таштемир Жекшенов жана 1 улакты Жаныбек Курманбек уулу атаандашынын тай казанына салды. Ал эми таластык "Шыралжындан" 1 улакты Дастан Баурбеков салды.
"Бакубат-Талас" менен "Сары-Өзөн Рассвет" командаларынын беттеши 6:1 эсебинде аяктады. Таластык командадан 2 жолу Астаркул Табышов айырмаланса, 1 жолудан Нооруз Раатбек уулу, Ариет Төлөнов Таласбек Дүйшалиев жана Эламан Руслан уулу айырмаланышты. Чүйлүк "Сары-Өзөн Рассвет" командасынын 1 улакты Бекназар Аматов атаандашынын тай казанына салды.
Муну менен "Бакубат-Талас" менен "Толкун" командасы алтын медалдарды талашса, "Шыралжын" менен "Сары-Өзөн Рассвет" коло медалдар үчүн күч сынашат.
Финалдык беттештер 30-август күнү саат 13:30да башталат.