Ош шаарында баласын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет жасаган келин 12 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаарында өз баласын бала бакчада тумчуктуруп, өлтүрүүгө аракет жасаган 26 жаштагы келин 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Ош шаардык соту 22-август күнү чыгарган. Учурда өкүм күчүнө кире элек.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде келин баласын жаздык менен тумчуктуруп жатканда аны көрүп калгандар баланы сактап калышканы маалымдалган.

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, келин баласын никесиз төрөп, ата-энеси менен пикир келишпестиктер жаралып, үйүнөн чыгып кеткен. Турмуштан кыйналып, кризистик борбордо жашап, анын жардамында бала бакчага жумушка орношкон. 1 жаштагы наристесин ал ошол бала бакчада тумчуктурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан