Мындан 2 жыл мурун, 2016-жылдын 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. Жардыруунун күчү катуу болгондуктан элчиликке жакын жайгашкан дүкөндөрдүн айнектери сынган. УКМК жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.УКМКнын маалыматына караганда, өзүн жардырган жан кечти - 1983-жылы туулган уйгур улутундагы Зоир Халилов аттуу жаран болгон. Ал “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү экени аныкталган. Тажикстандын паспортун көтөрүп жүргөн.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирген. Алардын бири мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 1990-жылы туулган Сирожиддин Мухтаров аттуу жаран болгон. Ал жардырууну ишке ашыруу үчүн Түркияда жүргөн, эл аралык террордук топтун мүчөсү, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган Бурханидин Жантораевдин жардамын колдонгон.
2017-жылдын 27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Хасамидин Исмаилов 18 жылга, Хикматилло Абдулажанов 10 жылга жана Күназим Мансирова 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми алар менен чогуу кармалган эки жарандын кылмышка тиешеси жок экени аныкталган. Мындан сырткары 4 адам издөөгө алынган.
30-августка карата жылнаама.