"Филармониядагы өрт боюнча өрт өчүрүү кызматына 2 жолу чалып алдыра албай, 3-жолку чалуубузда гана жооп болду" деп окуянын күбөсү бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, филармониядан түтүн чыгып жатканын саат 12:04тө байкаган.
"Мен түтүн чыгып жатканын байкап, жанымдагы кызга "дароо ӨКМга чал" деп айттым. Ал өрт өчүрүү кызматына 2 жолу чалып, жооп ала алган жок. 3-жолу чалгандан кийин гана чалууга жооп беришип, 2 өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткенин кабарлашты. Бирок ошондон 15 мүнөт өтүп, унаалар келди. Азыр дагы деле түтөп жатат", - деди ал.