Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Улуттук филармониядан чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, өрт өчүрүү кызматына чакыруу саат 12:15те келип чыккан.
"Учурда өрт чектөөгө алына элек. Жеринде өрт өчүрүүчү 6 бригада иштеп жатат. Азырынча имараттын канча чарчы метр аянты күйгөнү белгисиз. Өрт чыккан учурда ичинде адамдар болгон, бирок баары өз учурунда чыгып кетүүгө үлгүргөн", - деди ӨКМнын маалымат катчысы.