Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Улуттук филармониядан өрт чыгып, учурда аны өчүрүү аракеттери жүрүп жатат. Өрт чыккан учурда имараттын ичинде болуп, аз убакыт аралыгында аман чыгып кетүүгө үлгүргөн кызматкер SUPER.KG'ге кырсык тууралуу буларды айтты.
"Мен Карамолдо Орозов атындагы оркестрде музыкантмын. Өзүбүздүн кабинетте отурсам шыптагы лампанын жанынан чытыраган үндөр чыгып эле, кара түтүн бөлмөнү каптап калды. Дароо туруп костюмумду, музыкалык аспабымды алып сыртка чыкканча шаштым. Сыртта жүргөн балдардын кийимдери, музыкалык аспаптары бар экенин эстеп, аларды да ала чыгайын деген ойлор келди. Бирок түтүн абдан бат жайылат экен, заматта алды-артымды кара түтүн каптап калды. Мен аман чыгып кетүүгө үлгүрдүм.
Негизи өрт "Камбаркан" ансамблинин классынан чыккан экен. Ал жакта артисттерге тиешелүү кийимдер, бат күйүүчү нерселер бар эле. Кийин түтүн биздин иш бөлмөбүзгө да жетиптир", - деди музыкант Байбагышев.