Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониядан чыккан өрт чектөөгө алынды. ӨКМнын билдирген маалыматына ылайык, азыркы тапта өрттү өчүрүү үчүн 11 унаа менен өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.
"Бүгүн саат 12:20да өрт тууралуу чакыруу келип түшкөн. Саат 12:30да бардык бөлүмдөрдөн өрт өчүрүүчүлөр менен унаалар тартылды. Болжол менен имараттын 200 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Саат 14:00дөр чамасында өрт чектөөгө алынды", - деди Өрт өчүрүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Адил Чаргынов.
Учурда өзгөчө кырдаалдар министри кырсык орун алган жерге келип, абал менен таанышууда.