Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдочу Владимир Золоев коло медалга ээ болду. Спортчу бүгүн, 30-августта 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Алгачкы беттеште Золоев ирактык атаандашын уткан, ал эми 2-беттеште кореялык спортчуга жеңилип калган. Көңүл жубатуучу турниринин 1-раундунда Кыргыз спортчусу өзүнүн кытайлык атаандашын жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
3-орун үчүн болгон беттеште Золоев япониялык Такеши Сасакини 106 секунддун ичинде иппон менен жеңип алган. Дзюдочунун жеңиши Кыргыз курамасынын капчыгына 19-медалды алып келди.