Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чыккан өрт 4 сааттан бери өчө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин билдиргенине ылайык, өрт чектөөгө алынганы менен толук өчүрүлө элек. Саат 12:15 чамасында чыккан өрт саат 14:00дөрдө чектөөгө алынган. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 11 унаа тартылган.
"Азыркы тапта өрт өчүрүүчү бригадалар өз ишин улантууда. Өрт башталгандан кийин 2 сааттан соң чектөөгө алынган. Бирок азыр толугу менен өчүрүлө элек. Өрттүн себептери такталууда", - деп билдирди маалымат катчы.
Айта кетсек, бүгүн, 30-августта саат 12:20да өрт өчүрүү кызматына Улуттук филармониянын имараты күйүп жаткандыгы тууралуу чакыруу келип түшкөн. Филармониянын кызматкери өрт башталганда имараттын ичинде болгондугун SUPER.KG'ге айтып берген. Ал эми ӨКМ кырсыктан жабыр тарткандар жок экенин маалымдаган.