Филармониядан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониядан чыккан өрт саат 20:12де толук өчүрүлүп бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөн филармониянын 200 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Учурда филармониянын ичинде эмнелер өрттөнүп кеткени белгисиз, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 30-августта саат 12:20да өрт өчүрүү кызматына Улуттук филармониянын имараты күйүп жаткандыгы тууралуу чакыруу келип түшкөн. Филармониянын кызматкери өрт башталганда имараттын ичинде болгондугун SUPER.KG'ге айтып берген. Ал эми ӨКМ кырсыктан жабыр тарткандар жок экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2018-08-30 23:34:15
200 чарчы метр жерди 7-8 саатта аран очуруу эмне деген шумдук? Уят го бул абдан эле, Кыргызстандын борбору, шаардын чок ортосунда... Анан базарлар шылынып эле куйуп кетти да... Тегиз жерди 8 саатта очурушсо....тообо, челектеп суу чачып очургондой убакытты,ээлептир.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан